20-26 апрель Европалык эмдөө жумалыгына карата 3 - үй бүлөлүк дарыгерлер тобунун мед кызматкерлери тарабынан "Баланын ден-соолугунун чын болушу ата энеден көз каранды" чакырыгы менен иш чара өткөрүлдү. Иш чарага кош бойлуу жана 1 жашка чейинки балдары бар энелер, көп балалуу, эмдөөнү өз убагында алган актвист энелер жана эмдөөдөн баш таркан энелер катышты. Иш чаранын ачылышын 3 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун дарыгери К.Дуйшеева ачып, балдарды өз убагында эмдетүү, балаңызга кам көрүүнүздүн жана жоопкерчиликтүү мамиленин көрсөткүчү экендигин баса белгиледи. Чат- Базар ооруканасынын акушер гинеколог дарыгери тарабынан кош бойлуу жанан төрөт учурунда, төрөттөн кийин, жаңы төрөлгөн наристелерде кездешүүчү коркунучтуу белгилер тууралуу маалымат берилди. Кош бойлуу келиндердин өз убагында учетко туруусу, дайыма дарыгердин көзөмөлүндө болуусунун маанилүүлүгү тууралуу айтылды. Мед айымдар тарабынан эмдөөдөн баш тарткан энелердин туура эмес түшүнүктөрүн көз караштарын чагылдырган сценка көрсөтүлүп, балдарга арналган музыкалык номерлер менен коштолду.