Талас райондук жалпы дарыгерлер практика борборунда медициналык кызматкерлердин демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгынын алкагында " Улуттук дем-дүйнөлүк бийиктик" Уңгу жолуна карата иш чаралар өткөрүлдү. Иш чаранын ачылышы санжыра менен башталып кыргыз тили - улуу тил, кылымдарды карыткан уюуткулуу улуу тил Манас атам сүйлөгөн деген тилди даңазалаган макал лакаптар менен коштолду. Манас эпосунан үзүндүлөр, дастандар айтылып, кыргыз бийлери аткарылды. Унутта калып бара жаткан кыргыз элинин үрп-адаты, каада - салттары чагылдырылды. Ошону менен бирге улуттук нарктын сүрөттөлүшү жөнүндө баяндамалардан аткарып беришти.