7 апрель " Бүткүл дүйнөлүк ден-соолук күнү"

Талас райондук жалпы дарыгерлер практика борборунун Чат -Базар ооруканасынын стационардык бөлүмүнүн мед айымдары тарабынан 7 апрель "Бүткүл дүйнөлүк ден-соолук күнүнө карата"  Кыймыл аракет ден-соолуктун жарчысы чакырыгы менен спорттук мелдештери өткөрүлдү. Иш чаранын жүрүшүндө ар бир бөлүмдөн  6  команда  түзүлүп, спорттук оюундар (кол күрөш, аркан тартыш, 100 метр аралыкка чуркоо, флеш моб) өткөрүлдү. Мелдештин алдынкы жеңүүчү командаларына ЖДПБнун проф союз уюуму тарабынан акчалай сыйлыктар  жана белектер тапшырылды. Иш чаранын жүрүшү мед айымдар тарабынан  музыкалык номерлер менен коштолду.