24 -март Бүткүл дүйнөлүк кургак учук оорусуна каршы күрөшүү күнүнө карата Талас районуна караштуу мектептер арасында "Кургак учукту биргелешип жеңебиз" чакырыгы менен мектеп окуучулары мектеп жааматы, айылдык ден-соолук комитеттери биргелешип спорттук оюундарды, флеш моб, сүрөт кароо сынактарын, жөө жүрүштөрдү, суроо жооп кечелерин, өткөрүүдө. Иш чаранын жүрүшүндө мектеп окуучулары тарабынан кодуулоого, басмырлоого жол бербейбиз деген ураан менен алдынкылардан болуп активдуу катышкан Арал айылынын К.Нанаев орто мектебинин окуучулары болду.