Бүгүн 21-февраль Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнүнө карата Жалпы дарыгердик практика борборунун медициналык кызматкерлери тарабынан "Кел, нукура кыргызча сүйлөшөлү" чакырыгы менен салтанаттуу майрамдык кече өткөрүлдү. Майрамдык кеченин жүрүшүндө медициналык кызматкерлер тарабынан Ч.Айматовдун Бетме -Бет чыгармасын сахналаштырып чагылдырып аткарып беришти. Андан тышкары кыргыз тилин даңазалоого арналган музыкалык номерлер (Манас эпосунан үзүндү, кыргыз бийи, макал лакаптар) аткарылды. Унутта калып бара жаткан каада салттар айтылып, кыргыздын натуралдык таза тамак аштары жана кол өнөрчүлүк көргөзмөсү көрсөтүлдү.