1-7 август Бүткүл дүйнөлүк эмчек эмизүү күнү

1-7 август Бүткүл дүйнөлүк эмчек эмизүү күнүнө карата   кош бойлуу жана эмчек эмизген, 6 айга чейинки балдары бар энелер арасында "Эне сүтү табылгыс азык" темасында иш чара өткөрүлдү. Иш чаранын жүрүшүндө  эне сүтүнүн баалулуугу тууралуу   суроо жооп кечеси уюштурулуп, келиндер тарабынан туура жооптор айтылды. Кечеге баатыр энелер катышып, өздөрүнүн тажырыйбалары менен бөлүшүп, эне сүтүнүн  маанилүүлүгү тууралуу пикирлери менен бөлүштү. Иш чара балдарга арналган музыкалык номерлер менен коштолуп  №10 үй-бүлөлүк дарыргерлер тобунун жааматы тарабынан балдарга кызыктууручу белектер таркатылды.