Мекеме жөнүндө

Талас райондук  борболоштурулган дарыгедик амбулатория биринчи жолу 1948-жылы   түптөлгөн. Алгачкы амбулаториянын бөлүм башчысы Абутинова Г.М. болуп дайындалган. Амбулатория мурунку Ивано-Алексеевка айылында, азыркы Кокой айылынын бурчунда жайгашкан чакан кенсе болучу.Чакан  амбулаторияда алгачкылардан болуп  12 медициналык кызматкерлер эмгектенип башташкан.

Амбулаториянын башкы дарыгери - Абутинова Г.М.  1948 жылы дайындалып 1960-жылга чейин өзүнүн эмгек жолун улаган. 1960 жылдан баштап   амбулаториянын башчысынын  ордун Давыдова Нина Ивановна уланткан. 

1960-  1964 жылыга чейин амбулаториялык  башкы дарыгерликтин ордун  дарыгердин жетишиздигине байланыштуу фельдшер убактылуу Краснащенко Надежда Ивановна жетектеген.

  1964 -1973 жылы амбулаториялык  башкы дарыгерликти Мамбетов Чопон Мамбетович жетектеп келген. Мамбетов Чопон Мамбетович жетектеп келген амбулаторияда алгачкы 5- 10 койкалык ооруканалар ачылып ооруларды кабыл ала  баштайт- инфекциялык  бөлүм,төрөт бөлмөсү, балдар бөлүмү (детский) невропатология бөлүмдөрү ачылат. 

1973-1980 жыл  Талас райондук амбулатория бөлүм башчысы  Мамбеталиев Мырзакмат Мамбеталиевич жетектеп улуу мээрманы Исмаилова Калбүбү Исмаиловна дайындалган. Мамбеталиев Мырзакмат жетектеген амбулаторияда 12 медициналык кызматкерлер иштешкен ,андан тышкары дарыгерлердин жетишсиздигине байланыштуу  Талас облусунан акушер гинеколог жана педиатр дарыгерлери  3 сааттык мөөнөткө келип ооруларды кабыл ала башташат.Ошол жылдары акырындап кыргыз жаш дарыгерлер  ишке алына баштайт. Амбулатордук  кулак мурун дарыгери Рахматилдеев Токтогул Рахматилдеевич ,тиш дарыгери Асыранов Чыныбек, өздөрүнун алгачкы эмгек жолун амбулаторияда иштөө менен башташат. 

 1984 жылгы КР Саламаттыкты сактоонун жаны буйругу менен Талас райондук амбулатория Талас райондук борборлоштурулган ооруканасы болуп аталат.  Оорукананын башкы дарыгери  Мырзалиев Жолдошалы Мырзалиев дайындалат. Жаны ачылган имаратта хирургия ,травматология,кулак мурун лор, терапия, урология, көз оорулар 20-40 койкалык бөлүмүдөрү ачылып  алгачкы иш күндөрү башталып ооруларды кабыл алып дарылай башташат. Терапия жана инфекция бөлүмдөрү  өз жумушчу орунун  ошол эски имаратта  улантып калышат.

1984-жылдан 1994 жылга чейин баштап Талас райондук борборлоштурулган ооруканын поликлиника башчысы Момбеков Болот Бейшенович иштеп келген. ТРБО на 11- СВА (селский врачебная амбулатория) 

9- ФАП (фельдшер акушердик пунктар) карамагында каралган.

 СВАнын дарыгерлери жана ФАПтардын фельдшерлери ар бир  жумада бир жолу келип ,өздөрүнүн жасалып жаткан иштери тууралуу маалымат берип турушкан.

1994-жылдан 2002 жылга чейин Талас райондук борборлоштурулган оорукананын поликлиника башчысы Сурапов Умар Усөнович дайындалат. Поликлиникада жалпысынан 47 медициналык кызматкерлер иштеген,  анын ичинен 14 дарыгер  29 мед айым жана кенже мед айымдар жана башкалар.

13.01.2002-жылы Талас райондук борборлоштурулган ооруканадан ,өзүнчө Талас райондук Үй бүлөлүк  дарыгерлер борбору  болуп бөлүнуп чыгышат. Үй бүлөлүк  дарыгерлер борборунун жетекчиси Абдышев Кадырбек Абдышевич дайындалган . Үй бүлөлүк дарыгерлер борборунун диркторунун орун басары Мырзалиев Молдалы Төлөнович   уулу мээрман  Сарыбаева Күлумкан Атакозуевна  шайланышкан. Талас райондук Үй бүлөлүк  дарыгерлер борборуна  айылдык 11 Үй бүлөлүк  дарыгерлер тобу жана 9 фелдшерьдик акушердик пунктар караштуу болгон. Жалпысынан 186 медициналык кызматкерлер иштешкен.Анын ичинен 43 дарыгер жана 143 мед айымдар эмгектенген.

2006-жылы июль айынан баштап  Шадиев Аттокур Мамбеткулович УБДБ нун директору болуп дайындалып 2011 жылга чейин жетекчилик  кесипти аркалайт.

2011-жылы мурунку директордун орун басары Мырзалиев Молдалы  Төлөнович 2021-2023 жылга чейин Талас райондук жалпы дарыгердик практика борборунун     директору болуп иштеп калат.

Омуралиева Света Эсенбековна 2021-2023 жылга чейин Талас райондук жалпы дарыгердик практика борборунун директорунун орун басары 2023 жылдан баштап бүгүнкү күнгө чейин ЖДПБнун директору болуп иштеп келе жатат. 

Өзүнүн үзүрлүү эмгек жолунда Омуралиева Света Эсенбековна 2009-2014 жылга чейин Талас райондук территориялык оорууканада терапия бөлүм башчысы болуп эмгектенген.2014-2021 жылга чейин ТТБ директору болуп дайындалган.Бүгүнкү күндө Омуралиева Света Эсенбековна    мыкты жетекчи катары ,саламаттыкты сактоодо терен билимдүү дасыккан адис,мыкты уюуштууручу  катары  өзүн көрсөтүп келет.

Талас райондук жалпы дарыгерлик практика борборунда 

11- Үй бүлөлүк дарыгерер тобу.

12- Фелдьшердик акушердик пункт

3- Медициналык пункттар калктын саламаттыгын сактоо багытында иш алып барышат.

Имарат 2021-жылы толук  ондоп тузөө  ремонт иштеринен өткөрүлгөн Талас райондук жалпы дарыгерлик практика борборунда жалпы 26 дарыгер эмгектенет – Лор, Хирург,уролог,травматолог,педиатр ,невропатолог,эндекринолог ж.б дарыгерлер. Дарыгерлерге 91.70 штаттык бирдик каралган, бул дээрлик Талас районунун калкын  толук түрдө тейлөөгө  аздык кылат. Азыркы мезгилде 23 дарыгер жетишсиз .

Талас райондук жалпы дарыгерлик практика борборуна дарыгерлердин  билим денгээли жогору,жаш дарыгерлерге насаатчылык кылуу,практикалык жардам берүү ,ишине шарт түзүү жакшы жолго койулган.

Бүгүнкү күндө Жалпы  дарыгердик практика борборунун лаборатория бөлүмү ,физио кабинет жана тез жардам бөлүмдөрү толук капиталдык кайра ондоп түзөө жумуштарына муктаж. Лаборатория 2000 жылдары өзүнчө  Жалпы дарыгердик практика борборунан сырт тарабына ,  эски капиталдык ондоп түзөө иштеринен өтпөгөн абалда көчүрүлгөн.  2000 -жылдан бери лабораториялык бөлүм айыл тургундарынан анализ  кан алуу  анализдерин чыгаруу иштерин жүргүзүп келет . Имараттын эскилиги  жетип бөлмөлөр  (комнаталар) нымдуу  абалда болгондугуна байланыштуу күнүмдүк анализ алууда  колдоно  турган  баалуу лабораториялык аппараттар   тез – тез бузулуп колдонгонго ынгайсыз абалды жаратып жатат, терезелри да  эскилиги жетип ,сырттан муздак аба уруп ,анализ тапшырууга келген бейтаптарга шарты туура келбеген абалда. 

Лабораториянын жанында коншу физио кабинет жайгашкан. Физиокабинет бөлүмү  да ондоп түздөө капиталдык ремонтто  иштеринен өткөрүлгөн эмес.Бөлүмдүн  полдору линолеиумдордун эскилиги жетип беттери сыйрылып  калган,терезелери да эски абалда. Массаж укалоо бөлүмүдөрү да  талапка стандартка   туура  келбегендигине байланыштуу – укалоого келген бейтаптарга ынгайсыздыкты жаратып келүүдөө.

Тез жардам бөлүмү Талас районуна караштуу 17200(калкты) айыл тургундарын тейлейт. Райондун борборундагы Кок-Ой айылынан баштап   Козучак,Кумарык,Арашан,Көктокой ,Жонарык айылдарын  тейлешет. Тез жардам бөлүмүнүн бүгүнкү күндөгү  абалы эч кандай талапка жооп бербейт. Имараттын ,ичиндеги полдордун эскилиги жетип беттери сыйрылып ,терезелердин эскилигине байланыштуу , эшиктери сырттан кирген муздак абадан  кооп кеткен абалда  . Тез жардам бөлүмү бүгү нкү күндө жаны ондоп түзөө иштерине жана   заманбап ылайыкташтырылган имартка өтө муктаж .Тез жардам бөлүмү күнү түнү  бейтаптарга өз убагында  медициналык жардам көрсөтүп келет ,ал жерге кайрылган айыл тургундарынын саны да арбын . Ошондуктан Тез  жардам бөлүмү талапка жооп бере турган жаны имараткка көчүрүү абзел. 

Жалпы дарыгерлер тобуна караштуу Бал-Бал айылында фельдшердик акушердик пункт бар.Калкынын саны 1200, кожолуктардын саны120 түтүн. 1980 жылы  ашар жолу менен мектеп   курулуп    баштап, 1986 жылы толук курулуш жумуштары бүтүп  жаны  мектеп ачылган , ошол жаны бүткөн мектептин бир бөлмөсүн узундугу 6 метр квадрат ,туурасы 3 метр квадратка туура келген бөлмөнү ФАП катары пайдаланууга берилет.  2005 жылы АРИС программасы менен жаны 4 бөлмөдөн турган ФАП салынып ,айыл тургундарына медициналык жардам көрсөтүү жаны имаратта жүргүзүлө баштайт.   2009 жылы  жаны ФАП өкмөт тарабынан мектептин окуучулары учүн ыссык тамак бериле турган ашкана катары кайра алынып ,мектепке өтөт. ФАП ты кайрадан эски мектепке көчүрүп бүгүнкү күнгө чейин ошол эски талапка ылайык келбеген чакан бөлмөдө бейтаптарды кабыл алуу, көзөмөл жүргүзүү ,дарылоо ,наристе  балдарга жасала турган эмдөө да ушул жерде көргөзүлөт. Жамгыр болгон убакта  үстүнөн тамчы тамып бөлмөнүн ичи суу болуп калат .Аба ырайы бузулуп катуу шамал болгондо  свет өчүп калат да  интернет менен байланыш үзгүлтүккө учурап отчеттор убагында берилбей калат. ФАП та иштөөдө эч кандай шарты жок  кышкысын муздак суу чыкпайт, бөлмөнү ичи  кичинекей тар, дарыланууга келген бейтаптар нааразы болушат, бул медициналык кызматкерлердин  айыл тургундарын тейлөөдө  медициналык жардам көрсөтүүдө кыйынчылык жаратат.